Айдоочулук күбөлүктү алууда экзамендерди жасалма интеллект кабыл алат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучу Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал сынакта мурда 750гө жакын суроо болсо, эми анын саны 2000ге жеткенин белгиледи.
"Мен ойлойм, окугандан кийин сынак тапшыргандарга суроолор жеңил эле болот. Экзаменди тапшыргандан кийин айдоочулук күбөлүктү аласыздар", - деди Туманбев.
Ошондой эле президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов айдоочулук күбөлүк боюнча жаңы окуу программасы бекитилгенин белгилеп, окуу мөөнөтү тууралуу маалымат берди.