Бишкек шаарында өспүрүм шаар ичиндеги көчөлөрдүн биринде автоээнбаштык жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал жасаган мыйзам бузуусу үчүн жоопкерчиликке тартылууга өз ыктыяры менен келген.
"Унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга тиешелүү протокол түзүлдү. Бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана автоээнбаштыкка жол бербөөгө чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.