Бишкек шаарында үч акча алмаштыруучу жайга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган акча алмаштыруучу жайлар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.
"Алардын ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды", - деп билдирди Улуттук банк.