Биз социалдык тармакта

Дастан Бекешев парламентте кичи райондордогу туругундардын суранычын айтты

Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектин эки кичи районунун тургундары футбол талаасын куруп берүүнү суранып жатышканын айты.

"12 кичи райондогу №64 үй, 7 кичи район №44 үйдүн тургундары кайрылып жатышат. Алар үчүн футбол аянтчасы керек экен. Элдин талабы ушундай, суранып жатышат", - деди депутат.

Эл өкүлү президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, бул маселе боюнча калаа бийлигине тийиштүү тапшырма берүүнү өтүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан