Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директоруна жаңы орун басар дайындалды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп Замирбек Кененбаев дайындалды. Бул тууралуу 15-январда мекемеден кабарлашты.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.

Буга чейин ал кызматты Эльдана Сатарова аркалап келген. Ал 14-январда ээлеген кызматынан бошотулду.

Кененбаев 1981-жылы 9-ноябрда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык, экономикалык жана бажы иши факультеттерин бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

  • 2005-жылы – 06.2021-жылдары — өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы);
  • 26.04.2022 – 03.10.2022-жылы — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, башкы инспектор;
  • 01.10.2022 – 27.03.2023-жылы — Министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги, башкы инспектор;
  • 16.06.2023 – 16.11.2023-жылы — Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги, директордун жардамчысы;
  • 16.11.2023 – 14.01.2026-жылдары — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Объекттерди башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик ишканасы, директордун орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан