Ырчы Минюра Рахимжанова социалдык тармактагы баракчасына ак өргөөлүү болгонун кабарлап, видео бөлүштү.
"Студент кезимде ижарага батирден батирге көчүп, кыйынчылыктар көп өттү. Ата-энем шаарга келгенде меникине келсе гана дечүм. Бул нерсени кыйналган адам гана түшүнөт. Ошол кезден баштап акча чогултуп келгем, жетпегенин жолдошум кошуп, мына эми Аллахымдын буйругу менен бүгүн батирлүү болдук", - деп жазды ал.
Минюра Рахимжанова "Сен кат жаздың", "Закым", "Менин жаным" жана башка ырлары менен белгилүү. Ырчы чет өлкөлүк сынактарга, фестивалдарга да катышып келет.