
Президент Садыр Жапаров 2025-жылы чет мамлекеттерге жалпысы 25 сапар жасаган. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, президенттин чет өлкөлүк сапарларынын ичинен үчөө мамлекеттик, үчөө расмий, ал эми он сегизи жумушчу сапарлар болгон.
Мындан тышкары, 2025-жылы кол коюуга даярдалган 633 эл аралык документ болгон. Алардын 163ү эки тараптуу, ал эми 407си көп тараптуу келишимдер экени белгиленди.
Ошондой эле жыл ичинде жалпысынан 190го жакын жолугушуу жана сапар өткөрүлгөн. Алардын 60ы Кыргызстандын аймагында, ал эми 130га жакыны чет өлкөлөрдө ишке ашкан.