Биз социалдык тармакта

Си Цзиньпин 2026-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

2026-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, кыргыз-кытай мамилелери учурда абдан жогорку деңгээлде өнүгүүдө. Ал эки өлкөнүн кызматташтыгын он баллдык шкала менен 11 баллга баалады. Айрыкча 2024–2025-жылдары жогорку деңгээлдеги саясий байланыштар активдүү болуп, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапары маанилүү роль ойногон.

Жээнбек Кулубаев 2025-жыл кыргыз-кытай мамилелери үчүн жемиштүү жана ийгиликтүү жыл болгонун белгилеп, кызматташтык 2026-жылы да жигердүү улантыларын айтты.

"2026-жылы жигердүү кызматташтыктын уланышы күтүлүүдө, анткени биз Кытайдын төрагасынын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүп жатабыз. Даярдык иштери башталып калды, жолугушуунун күн тартиби абдан мазмундуу болот", — деди министр.

Алдыдагы сапар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого, саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан