
Бүгүн, 16-январда Кыргызстандын футзалчылары Тажикстандын курама командасын жеңди. Бул тууралуу Футзал ассоциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан - Тажикстан контролдук беттеши Жакарта шаарында орун алды.
Семетей Мурзакулов эки гол, Ислам Туратбеков жана Бектур Ильясов бирден гол жаратып, биздин курама 4:2 эсеби менен жеңишке жетти.
Ошондой эле 18-январда Сауд Арабиясы менен кезектеги беттеш орун алат.