Жантөрө Сатыбалдиев: “Газ менен электр энергиясына ишенбей, көмүр ала баштагыла”
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев коомчулукту газ менен электр энергиясына ишенбей, көмүр ала баштоосун сунуштады. “Кыш эми гана башталды. Газ жана электр секторунда маселе жаралып жаткан соң коомчулукту көмүрдөн жетиштүү сатып алууну сунуштайм” деди Жантөрө Сатыбалдиев. Ошондой эле өкмөт башчы электр энергиясын үнөмдөө максатында бүгүнтөн баштап оюн-зоок борборлорунда, сауна ж.б.у.с. жерлерде электр энергиялары берилбейт.