Уганданын азыркы президенти, 81 жаштагы Йовери Мусевени 15-январда өткөн шайлоодо жеңишке жетишкенин чет элдик басылмалар жазышууда. Шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыктарына ылайык, ал добуштардын 76,25 пайызын алса, анын негизги оппозициялык атаандашы, музыкант Боби Вайн 19,85 пайыз алган.
Оппозиция мыйзам бузуулар болгонун айтып, жыйынтыктарды четке кагууда. Добуш берүүнүн алдында өлкөдө интернет толугу менен өчүрүлгөн. Вайн өз тарапкерлерин нааразычылык акциясына чакырган, бирок азырынча массалык демонстрациялар байкала элек.
2021-жылдагы шайлоодо да интернет өчүрүлүп, жыйынтыгында Мусевени утуп чыккан.
Йовери Мусевени 1986-жылдан бери президенттик кызматта. Ал бийликке аскердик төңкөрүш аркылуу келген.