Оштогу облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасында 17 магниттик оюнчук жутуп алган 2 жашар бөбөккө ийгиликтүү операция жасалды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, алгач бөбөк райондук ооруканага жеткирилип, рентгенден өткөн. Анда ичегилеринде бир нече тизилген бөтөн зат аныкталып, облустар аралык балдар клиникасына жөнөтүлгөн.
"Хирургдарынын тобу бейтапка шашылыш операция жасашты жана жутулган 17 даана магниттер ичегилерден толук алынган. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.