Бишкектин Ленин райондук милициясына жаңы жетекчи дайындалды
Милициянын полковниги Улан Бердибаев Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал мурда Бишкек ШИИББдин кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектеп келген.