Хаменеи Трампты Ирандагы башаламандыктарга айыптады

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Ирандагы нааразычылык акцияларынан улам келип чыккан курмандыктар жана кыйроолор үчүн АКШнын президенти Дональд Трамп күнөөлүү деп билдирди.

"АКШнын президенти курмандыктар, зыян жана Иран элине каршы жалган айыптоолор үчүн жооптуу, ошондуктан ал кылмышкер", - деп келтирет чет элдик басылмалар анын сөзүн.

Иран бийлиги өлкөдөгү башаламандыктарды АКШ менен Израилдин аракеттерине байланыштырып келет.

Айта кетсек, Ирандагы нааразычылык акциялары өткөн жылдын аягында экономикалык кырдаалдын начарлашынан, айрыкча улуттук валютанын кескин төмөндөшүнөн улам башталган, бирок кийинчерээк алар саясий чакырыктарды да камтый баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2026-01-17 19:11:00
Өлкөнү тышкы душмандар эмес, бийликте олтурган ички уурулар кыйратат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан