АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Газа Тынчтык кеңешине кошулууга чакыруу жөнөткөн. Бул тууралуу Hurriyet гезити Түркиянын президенттик администрациясынын Байланыш башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуранга шилтеме берип билдирди.
"Анын билдирүүсүнө ылайык, Тынчтык кеңешинин аткаруу органынын төрагасы болгон Трамп 16-январда Эрдоганга Тынчтык кеңешинин негиздөөчү мүчөсү болуу боюнча расмий сунуш менен кат жөнөткөн", - деп жазат басылма.
Буга чейин Газа тилкесин башкаруу жана аны кайра куруу иштерин көзөмөлдөй турган Улуттук комитет жана Тынчтык кеңеши түзүлгөнү жарыяланган. Анын курамы да ачыкталган.