Ирандагы массалык нааразычылык акцияларында кеминде 5000 адам каза болду, анын ичинде 500гө жакын коопсуздук кызматкери бар. Бул тууралуу Reuters басылмасы булактарына шилтеме берип жазып чыкты.
Айт кетсек, Улуттук валютанын кескин төмөндөшүнөн улам пайда болгон нааразычылык акциялары Иранда 28-декабрда башталган. Массалык башаламандык полиция менен кагылышууга айланган. Нааразычылык акциясынын катышуучулары азыркы саясий системага каршы ураандарды чакырышкан.
Иран бийлиги өлкөдөгү башаламандыктарды АКШ менен Израилдин аракеттерине байланыштырып келет. АКШ Тегеранды адам өлтүрүүнү токтотпосо, сокку уруларын эскертип коркутуп келет.