Биз социалдык тармакта

Төрага Тургунбек уулу Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Ага төраганын орун басарлары, депутаттык топтордун башчылары, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери катышты.
Жыйында парламенттин ишмердүүлүгүнө жана мыйзам чыгаруу ишине байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.
Мыйзамдардан тышкары, мамлекетке керектүү реформалар, тиешелүү долбоорлордун баары парламенттин кароосунан өтмөйүнчө ишке ашпайт. Башка бийлик бутактарынын өкүлдөрү да парламенттин кароосунан өтүп, андан кийин гана бекитилет. Андыктан, аталган маселеге астейдил көңүл буруп, ар бир орган өзүнүн милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүнүшү керек”,- деди төрага.
Муну менен катар мыйзам чыгаруу ишиндеги айрым жагдайларга токтолгон төрага тармактык комитеттер сунушталган долбоорлорду ийине чыгара талкуулап, андан соң гана жалпы парламенттин кароосуна киргизиши керектигин кошумчалады.
Ошондой эле Жогорку Кеңеште ачык-айкындуулук жана сөз эркиндиги бекем сакталарын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу депутаттар кандай маселе болбосун пикирин ачык айтып, жыйындардын бардыгы түз эфирде коомчулукка көрсөтүлө берерин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан