Биз социалдык тармакта

Орусиядан ташылып келе жаткан 15 миң литр кымыз артка кайтарылды (видео)

"Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Орусиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 миң 600 литр кымыз аныкталып, артка кайтарылды. Бул тууралуу 19-январда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп, продукциянын этикеткасында чыгарылган күнү көрсөтүлбөгөнү белгиленди. Бул Кыргызстандын ветеринардык жана санитардык талаптарына жооп бербейт.
Аталган факт боюнча тиешелүү тартипте актылар түзүлүп, жүктү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салынды. Натыйжада жүк кайра Орусияга жөнөтүлдү. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы мындай учурлар менен тыгыз иш алып барып, калк үчүн коопсуз азык-түлүктү камсыздоону улантууда.
Орусиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 миң литр кымыз артка кайтарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан