Биз социалдык тармакта

"30 пайыздан ашырса кайтаргыла". Ташиев күрөөканаларды катуу текшерүү тапшырмасын берди (видео)

Бүгүн, 19-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын штаб-квартирасында өткөн жыйында өлкөдөгү күрөөканаларды текшерүүнү тапшырды.

Маалым болгондой, анда пайыздык чендерди, насыянын шарттарын кароо керектиги айтылды.

"Бардык күрөөканаларды Мамлекеттик салык кызматынын, Улуттук банктын кызматкерлери менен биргеликте текшергиле. 30 пайыздан жогору акча бергендер болсо, ээлерине кайтаргыла. 30 пайыздык күрөөнү көтөрө албай жаткан болсо, жабылсын. Адамдардын шорун катырып, ашыкча пайыздарды мойнуна илип, мүлктөрүн, унааларын тартып алып жатышат. Эмнеге биз аларды карап отурушубуз керек? Элибиз кыйналбай жашасын деп отурабьыз го",- деди Ташиев.

Ташиев күрөөканаларды катуу текшерүү тапшырмасын берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан