Биз социалдык тармакта

Кыргызстандагы орточо айлык акы айтылды

Кыргызстанда 2025-жылдын январь-ноябрь айларында орточо эмгек акы 42 954 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2024-жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 19,1 пайызга жогору.

"Эң олуттуу жогорулатуу кыймылсыз мүлк операциялары, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздоо , саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө, ошондой эле ресторандардын, мейманканалардын ишмердүүлүгү чөйрөлөрүндө байкалды",- деди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан