Биз социалдык тармакта

Мектеп окуучулары үчүн профилактикалык лекциялар уланууда

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери алдын алуу багытындагы иш-чараларын улантышууда.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери борбор калаадагы № 97, 47, 9, 77, 74, 96, 8 жана 59-орто мектептерде окуучулар үчүн профилактикалык лекцияларды өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн маанилүү болгон укуктук маселелер талкууланып, мыйзам бузуу аракеттеринин кесепеттери жана жашы жете электерге карата каралган жоопкерчилик чаралары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, өспүрүмдөр арасында топтук мушташтардын жана буллингдин алдын алуу маселеси көтөрүлүп, мындай көрүнүштөр ден соолукка жана келечекке олуттуу зыян алып келери баса белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан