Биз социалдык тармакта

"Сынган кылыч" чыгармасы боюнча тасма тартуу пландалууда (видео)

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" чыгармасынын негизинде тасма тартылат. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Марат Тагаев 19-январдагы парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди.

Айтымында, тасма тартуу иштерине 2020-жылдары 100 миллион сомго чейин каражат бөлүнсө, азыр бул сумма 1 миллиард сомго чейин жеткен.

"10 жыл мурда "Курманжан датка" тарыхый тасмасы тартылган. Андан бери тарыхый тасма деле тартыла элек. "Сынган кылычты" тартуу боюнча Улуттук кеңештин чечими чыккан. 2026-жылы анын сценарийин иштеп чыгуу жана сметасы бекитилген. Ал сценарийди жазуу Султан Раевге берилди.

Ушул жылдын аягы, 2027-жылдын башында тасма тартуу иштерин баштоону пландап турабыз",- деди Тагаев.

Ал кошумчалагандай, келерки жылдары дагы тарыхый тасмаларды тартуу мерчемделүүдө.

"Ири тарыхый тасмаларды тартуу үчүн кинопавильон абдан маанилүү. Ансыз тасмаларды тартуу мүмкүн эмес. Ошон үчүн 2026-жылы кинопавильонду куруп баштап, 2027-жылы бүтүрсөк. Бул жерде ири тарыхый тасмалар тартылат",- дейт орун басар.

Маданият министринин орун басары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан