Испаниянын түштүгүндө Адамус калктуу конушунун аймагында жүргүнчү поезди катышкан темир жол кырсыгында каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары катталган жок. Бул тууралуу 19-январда Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 18-январда катталган темир жол кырсыгынан кеминде 39 адам каза болуп, 120дан ашык адам жаракат алган.
Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испаниянын компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөп турат.
Дүйнөлүк басылмаларда Испанияда эки жогорку ылдамдыктагы эки поезд сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 21 адам каза болгону кабарланган.