Үч жылда кыргыз киносуна бөлүнгөн бюджет дээрлик 3 эсе өстү. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Марат Тагаев 19-январдагы парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында суроолорго жооп берип жатып билдирди.
2023-жылы 3 толук метраждуу көркөм тасма, 3 толук метраждуу даректүү тасма, 2 кыска метраждуу көркөм тасма, 17 кыска метраждуу даректүү тасма, 1 анимациялык тасма, 5 сериал тартылган. Ошондой эле ар кандай видеороликтердин үстүндө иш жүргөн.
2024-жылы 2 толук метраждуу көркөм тасма, 7 толук метраждуу даректүү тасма, 1 кыска метраждуу көркөм тасма, 24 кыска метраждуу даректүү тасма, 2 анимациялык тасма, 7 сериал тартылган.
Ал эми 2025-жылы болсо 5 толук метраждуу көркөм тасма, 6 толук метраждуу даректүү тасма, 21 кыска метраждуу фильм, 3 кыска метраждуу көркөм тасма жана 2 анимациялык тасма тартылган.