Биз социалдык тармакта

Бакыт Төрөбаев Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

Бүгүн, 19-январь күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Фарид Талышлы менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен ЭВФтин кызматташуусу жана экономикалык реформаларды өнүктүрүү маселелерин талкууланган.

"Акыркы жылдарда ишке ашырылган масштабдуу түзүмдүк реформалар эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан белгиленип, алар ишкердик активдүүлүктү турукташтырууга, стратегиялык тармактарды колдоого, инфраструктураны модернизациялоого жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган.

Жалпы 30 жылдан ашуун убакыттан бери ЭВФ маанилүү делген 12 программаны Кыргызстанда ишке ашырып, алар экономиканы колдоодо, жакырчылыкты кыскартууда, ошондой эле туруктуу жана инклюзивдик экономикалык өсүштү алга жылдырууда маанилүү роль ойногон", - деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан