Биз социалдык тармакта

№13 шайлоо округуна дагы эки талапкер арыз тапшырды

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча дагы эки жаран арыз тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда БШКдан билдиришти.

Алар:

1. Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна - 1976-жылдын 29-октябрында төрөлгөн. Түштүк аймак боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын бөлүм башчысы.

2. Мацаков Бакыт Калбаевич - 1989-жылдын 1-июнунда төрөлгөн. "БОУЛ" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Азырынча 9 жаран талапкерлигин билдирип арыз менен кайрылды. Алар тууралуу шилтемеден окуй аласыздар.

Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоого талапкерлердин документтери 29-январга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.

№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан