Италиялык атактуу модельер, "Valentino" мода үйүнүн негиздөөчүсү Валентино Гаравани 93 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, ал 19-январда Рим шаарындагы резиденциясында жакындарынын курчоосунда каза болгон. Коштошуу зыйнаты 21-22-январда өтүп, сөөгү жума күнү Римде жерге берилет.
Гаравани дүйнөлүк мода тарыхында терең из калтырган инсандардын бири катары таанылган.