Биз социалдык тармакта

Бишкекте мас айдоочу кайгуул кызматкерин унаасына сүйрөп кетти (видео)

Бишкекте патрулдук милициянын кызматкерин 40 жаштагы айдоочу мас абалда унаасынын капотуна 50 метрге чейин сүйрөп кетти.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, кечээ, 19-январда саат 18:00 чамасында Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу айдоочулук күбөлүгү жок жана мас абалында транспорт каражатын башкарганы аныкталды.

Жол тескөөчүнүн унааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талабына баш ийбей, айдоочу кызматкерлердин бирин унаанын капотунда 50 метрден ашык аралыкка чейин алып кеткен.

Бул факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, 1986-жылы туулган Т.И. аттуу жаран кармалды. Ага протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бишкекте мас айдоочу кайгуул кызматкерин унаасына сүйрөп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан