АКШнын президенти Дональд Трамп француз виносуна жана шампанына 200 пайыз бажы салыгын киргизерин жарыялады.
Чет элдик басылмалардын билдирүүсүндө, бул кадамды ал Франция президенти Эммануэл Макронду Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Тынчтык кеңешине чакырууга көндүрүү максатында колдонмокчу.
Трамптын айтымында, Макрон бул чакырыкты кабыл алууга милдеттүү эмес, анткени ал жакында Франция президенти кызматын тапшырат.