
Бүгүн, 20-январда УКМК социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жарыялаган 1989-жылы туулган
З.Д. аттуу жаранга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, кармалган адам аталган аракеттерди мас абалында жасаганын жана келечекте мындай жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү аракеттерди жасабай турганын билдирди.
Учурда анын билдирүүсүнө карата тиешелүү экспертизалар дайындалды, алардын жыйынтыгы боюнча кошумча чаралар көрүлөт.