Биз социалдык тармакта

Түштүк Кореянын президентине жасалган кол салуу теракт деп таанылды  

Түштүк Кореянын өкмөтү 2024-жылдын январында азыркы президент Ли Чжэ Мёнго жасалган кол салууну теракт катары расмий тааныды. Бул чечим 20-январда өткөн антитеррордук комитеттин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Басылмалардын маалыматына ылайык, окуя мыйзамдагы бардык критерийлерге жооп берет. Бул – 2016-жылы терроризмге каршы мыйзам күчүнө киргенден бери өкмөт деңгээлинде теракт деп таанылган биринчи учур.

Ли Чжэ Мёнго 2024-жылдын 2-январында Пусанда кол салуу болуп, ал моюнунан жаракат алган. Кол салган адам саясатчы президент болбошу үчүн өлтүрүүнү көздөгөнүн мойнуна алган. Ал 2025-жылдын июлунда 15 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан