Биз социалдык тармакта

Кытай АКШнын Тынчтык кеңешине чакыруу алды

Кытай АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган Тынчтык кеңешине кошулуу боюнча расмий чакыруу алганын КЭР ТИМи тастыктады. Бул тууралуу кытай басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Пекин чакыруунун деталдарын жана жооп кадамдарын ачыктай элек.

Кытай тарап АКШ менен мамилелер туруктуу өнүгүп жатканын белгилеп, кызматташууга даяр экенин билдирген.

Буга чейин Financial Times басылмасы бул кеңеш БУУга альтернатива болушу мүмкүн экенин жана анын мандаты Газа, Украина, Венесуэла сыяктуу аймактарды камтышы ыктымал экенин жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан