Биз социалдык тармакта

Унаа жуучу жайда жаранды сабап салууга шектүүлөр кармалышты

Чүй облусунда ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу 21-январда облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-декабрда Панфилов РИИБине 31 жаштагы жаран арыз менен кайрылган.
Арыз ээсинин маалыматына ылайык, 16-декабрда Кайыңды шаарындагы "LEGACY" өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жайдын аймагында белгисиз адамдар ага кол салып, денесине жаракат келтиришкен.
Аталган факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттин корутундусуна ылайык, жабырлануучуга ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 39 жаштагы жана 36 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан