Ысык-Көл облусунда баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын сатуу менен алектенип жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Кармалган жарандар мурда соттолгон 1979-жылы туулган Т.М.К., 1984-жылы туулган Ч.Б.Б., 1998-жылы туулган Ж.Т.Б., 2000-жылы туулган М.у.Д. жана 2002-жылы туулган М.И.Э.
Кармалган жарандардын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, баңгизаттар жана баңгизатын өндүрүүгө колдонулуучу шаймандар табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси - “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.