Биз социалдык тармакта

Токаев Казакстанда вице-президент кызматын киргизүүнү сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултайдын жыйынында вице-президент кызматын киргизүүнү жана аны Конституцияда бекитүүнү сунуштады. Вице-президент президент тарабынан парламенттин макулдугу менен дайындала тургандыгын Казак басылмалары жазышууда.

"Вице-президент президенттин тапшырмасы менен эл аралык форумдарда жана чет мамлекеттердин делегациялары менен болгон сүйлөшүүлөрдө Казакстандын кызыкчылыктарын коргойт, парламентте президенттин өкүлү болот, ички жана чет өлкөлүк коомдук-саясий, илимий жана маданий-агартуу уюмдары менен кызматташат. Ошондой эле президент берген башка тапшырмаларды аткарат",- деп түшүндүрдү Токаев.

Ага байланыштуу учурдагы парламенттин ишин камсыз кылган айрым аппараттык түзүмдөр, ошондой эле мамлекеттик кеңешчинин кызмат орду жоюлары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан