Биз социалдык тармакта

Бишкекте таштандыны уруксатсыз жерге таштаган жаранга айып пул салынды (видео)

Бишкек шаарында уруксат берилбеген жерге таштанды таштаган жаран аныкталды. Бул тууралуу муниципалдык инспекциядан билдиришти.

Анын эки жакты карап туруп, эч ким көрбөдү деп таштанды салынган баштыкты ыргытып кеткени видеого түшүп калган. Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, 5500 сом айып пул салынды.

Мекеме шаар тургундарын жана конокторун тазалыкты сактоого, таштандыларды атайын белгиленген жайларга таштоого чакырат.

Бишкекте таштандыны уруксатсыз жерге таштаган жаранга айып пул салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан