Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни өлтүргөн Тэцуя Ямагамиге Нара округдук соту өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Синдзо Абэ Япониянын премьер-министри кызматын 2006-2007 жана 2012-2020-жылдары аркалап, өлкө тарыхында эң узак мөөнөт иштеген өкмөт башчы болгон.
Тэцуя Ямагами 2022-жылдын 8-июлунда Япониянын батышындагы Нара шаарында Абэ өз тарапкерлеринин алдында сүйлөп жаткан учурда аны колго жасалган ок атуучу курал менен эки жолу атып өлтүргөн.
Ямагами мурдагы премьер-министрди диний уюм менен байланышта болгон деп эсептеген. Анын айтымында, бул уюмга айыпталуучунун апасы 670 миң долларын берген.