
Бишкекте түнкү клубда массалык мушташ катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, 102 кызматына маалымат түшүп, жерине милиция кызматкерлери барышкан. Анда көңүл ачуучу жайдын кардарларынын ортосунда мушташ катталып, анын алкагында курал менен коркутуулар болгону аныкталды. Мындан тышкары, мушташтын эки катышуучусу бычактан жаракат алды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголду. Натыйжада 2007-жылы туулган М.Б., М.Б., 2006-жылы туулган А.М. жана 2008-жылы туулган К.С. аттуу жарандар кармалышты.
Чыр-чатак учурунда колдонулган курал алынып, тиешелүү экспертизага берилди. Тергөө иши уланууда.