Польшанын түштүгүндө аймактык поезд рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу өлкөнүн инфраструктура министри Дариуш Климчакка таянып чет элдик басылмалар жазышты.
"Варшава-Краков темир жол линиясынын Мехов-Сломники тилкесинде Polregio компаниясына таандык поезд рельстен чыгып кетти",- деп жазды ал Х социалдык тармагында.
Алдын ала маалыматар боюнча, поездде болгон 20 жүргүнчү жабыркаган эмес.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатат.