Чүйдө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 21-ноябрында облустук милицияга А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, былтыр сентябрь айында М. аттуу жаран Казакстандан Кыргызстанга баасы 7 миллион сомдон ашык каражатты түзгөн 65 баш жылкыны айдап өтүүнү убада кылып, 2 миллион теңге жана жогоруда көрсөтүлгөн малды өткөрүп алган. Бирок аталган жаран убадасын аткарбай из жашырган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 42 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 96-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иликтөө иштери уланууда.