Ош шаарында аэропорт жолундагы жараксыз абалга келген дарактар алынат. Бул тууралуу 21-январда шаар мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте таңкы рейд өткөргөн. Рейддин жүрүшүндө шаар башчысы иретсиз өскөн, чирип жана жараксыз абалга келген дарактарды алып салуу, алардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берген.
Белгилей кетсек, аталган иштер жол жээгиндеги коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле шаардык инфраструктураны иретке келтирип, шаардын көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.