Бишкек шаарындагы "Эркин экономикалык аймактын" аймагындагы кампадан өрт чыгып, 1 чет элдик жаран каза каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 02:58де чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзгөн.