Биз социалдык тармакта

Таласта мамлекеттик кызматкер пара берип жатканда кармалды

Талас облусундагы жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүүдөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жасалмаланган токтомунун негизинде 43 жаранга жалпы 10 гектар 75 сотых жер аянты 56 жер тилкесине бөлүнүп берилген.

Мыйзамсыз ишке барган Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси кылмышын жашыруу үчүн УКМКнын кызматкерине 100 миң сом пара берип жатканда кармалган. Учурда аталган кылмыштуулукка катыштыгы бар болгон тиешелүү органдардын кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүүдө.

Таласта мамлекеттик кызматкер пара берип жатканда кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан