Сокулукта өз энесин кыйноого алган деген шек менен 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-январда милицияга кайрылган 67 жаштагы жаран өз уулу мас болгондо системдүү түрдө физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөтүп келгенин айткан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш ишин ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган зарыл болгон тергөө иштери жүргүзүлүүдө.