Биз социалдык тармакта

Трамптын кичүү уулу дос кызынын өмүрүн сактап калганы айтылууда

Лондон сотунда бир кыз АКШнын президенти Дональд Трамптын кичүү уулу Баррон анын өмүрүн сактап калганын билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Окуя 2025-жылдын 18-январында болгон. Басылманын маалыматы боюнча, кыз Барронго видео чалуу жасаган. Чалууну кабыл алган Трамптын уулу кызга жигити кол көтөрүп жатканын көргөн. Америка лидеринин уулу дароо Улуу Британиядагы коопсуздук кызматына, 999 номерине чалып, окуя тууралуу кабарлаган.

Басылмалар кыздын аты-жөнүн жазышкан жок. Бирок ага кол салган адам Орусиянын жараны экени белгиленүүдө. Ал сүйлөшкөн кызынын Трамптын кичүү уулу менен дос болгонуна нааразы болгон деп айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан