Биз социалдык тармакта

Казакстанда Кыргыз киносу күндөрү өтөт

Казакстандын борбору Астана шаарында 29-30-январда Кыргыз киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган. Программаны 29-январда белгилүү режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара кызыл сары" тасмасы ачат. 30-январда режиссёр Дастан Жапар уулунун "Качкын" аттуу курч сюжеттүү тасмасы көрсөтүлөт.

Тасмалар Астана шаарында Mega Silk Way соода борборундагы Chaplin Mega Silk Way кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт. Фильмдер кыргыз тилинде орусча субтитрлер менен тартууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан