Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган америкалык баскетболчу Шакил О'Нил менен бейрасмий жолугушуу өткөргөнүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Жолугушууда алар шакекчеге топ ыргытуу боюнча мелдеш кылышкан. Жеңиш президенттин пайдасына 3:1 эсебинде аяктаган.
Айта кетсек, 1994-жылы Шакил О'Нил АКШнын курама командасы менен баскетбол боюнча дүйнөлүк чемпиондукта, 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңген. Ал баскетболдон 2011-жылы кеткен. 1994-жылдан бери америкалык спортчу тасмаларда роль жаратып келет.