"Хан-Теңир" мамлекеттик жаратылыш паркы фотокапканга түшүп калган жапайы жаныбарлардын сүрөттөрүн бөлүштү.
Маалыматка ылайык, жаныбарлар тоо жолдорунун бирине орнотулган камерага тартылган.
Аталган сүрөттөрдөн илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, аркар жана башка жаныбарларды көрүүгө болот.