Биз социалдык тармакта

Бишкекте мэрия кызматкери 1 миллион сом пара талап кылганы үчүн кармалды (видео)

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын кызматкери 1 миллион сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, мекеменин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана бүткөн иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу жалпы тендердик баанын 10 пайызын системдүү түрдө опузалап келишкени аныкталды.

Тергөөнүн жыйынтыгында ишкананын кызматкери А.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берүү, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Бишкекте мэриянын кызматкери 1 миллион сом пара талап кылгандыгы үчүн кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан