Казакстанда сабак учурунда 9-класстын окуучусу каза болду

Казакстандын Алматы облусунда 21-январда сабак учурунда 9-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришүүдө.

Маалыматка ылайык, аталган облусттун Каскелен шаарындагы Сатпаев атындагы орто мектепте биринчи сабактан кийин 9-класстын окуучусунун абалы кескин начарлап кеткен. Мектеп администрациясы дароо "Тез жардам" чакырган. Дарыгерлер бригадасы реанимациялык жардам көрсөткөнү менен өспүрүм окуя болгон жерде каза болгон. Ал 2026-жылдын 26-февралында 16 жашка толмок.

Учурда маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан